Араб жарым аралы жашыл болгон. Кайра ошол абалга кайтат.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) айтты: ««Араб жери кайрадан дарыялар аккан жайыттарга айланмайынча кыямат болбойт».(Муслим)
Илимий акыйкат
Окумуштуулар 20-кылымдын жарымынан кийин климаттык цикл деп аталган нерсени ачышкан. Ал дүйнөнүн көп жерлерин изилдеп анын ичинде араб жарым аралы тарыхта көп жолу климаттык өзгөрүүлөргө дуушар болгонун жана Араб жарым аралынын бир кезде жамгырга жана чөптүү жайларга бай жер болгонун аныкташты. Сауд Аравиясынын түштүгүндө, Йемендин түштүгүндө жайгашкан Руб эль Хали чөлүнүн спутниктен жасалган скандоолору да муну тастыктайт. Т.а. бул изилдөөлөр бир кезде бул аймактагы бүткүл Араб жарым аралына жайылып кеткен дарыялардын нуктарын аныкташкан. Адистер бул аймакта жаан-чачын көп болуп, шалбаалар, дарыялар жана көлдөр кайрадан пайда болот деген көз карашты артык коюшат.
Мужиза тарабы
Хадистеги мужиза- Пайгамбардын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) араб жарым аралы өткөн заманда жашыл чөптөр менен дарыялардын мекени болгондугу жана келечекте кайра ошондой жашыл чөптүү, дарыялуу өлкөгө айланаары тууралуу айткан куттуу хадисин илим тастыктап жаткандыгы.