Чымындындын канаттарындагы оору жана шыпаа

альбомдор

05/03/2026

Чымындындын канаттарындагы оору жана шыпаа

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун)  айтты: «"Эгер силердин бирөөңөрдүн идишиңерге чымын түшүп калса, аны ошол сууга бир батырып кайра чыгарсын. Себеби, анын эки канатынын биринде оору, экинчисинде шыпаа бар.» (Бухарий)

Илимий акыйкат

Акыркы изилдөөлөр чымындардын канаттарында көптөгөн коркунучтуу микробдорду алып жүрөрүн жана ошол эле учурда ал микробдорду жок кылган антибиотиктерди алып жүрөрүн, т.а. чымындар ооруну жана шыпааны бир эле учурда алып жүрөрүн далилдеди. Изилдөөлөр далилдегендей бул антибиотиктер чымында табылбаган көптөгөн башка козгогучтарды жок кыла алат. Ошондой эле чымындар натыйжалуу көптөгөн антибиотиктердин булагы боло алат.

Мужиза тарабы

Пайгамбар (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун)  суусу же тамак-ашы аз, кургак чөлдө жашаган сахабаларга эгер кимдир бирөөнүн идишине чымын түшүп, андагы сууну же тамакты жеш керек болсо, анда чымынды идишке батырып андан кийин жешке буюруп жатат. Анткени, анын эки канатынын биринде оору, экинчисинде шыпаа бар.

Лабороториялык эксперименттер бул илимий чындыкты тастыктаганга чейин айрымдар бул хадисти көз жаздымда калтырышкан.