Карантин

альбомдор

01/03/2026

Карантин

Аллахтын элчиси айтты: «Оорулуу адам соо адамдын жанына келбесин!» Дагы бир хадисте мындай деген:

 «Чума таралган жер жөнүндө уксаңар, ал жерге кирбегиле, а эгер чума силер  турган жерде башталса, анда чумадан качабыз деп  (ал жерди) таштап кетпегиле!» (Бухарий,Муслим)

Илимий акыйкат

Ден-соолук илимдеринин өнүгүшүнүн негизинде микроорганизмдердин купуя дүйнөсү ачылып, алардын көбөйүү, таралуу жана ооруларды, эпидемияларды пайда кылуу жолдорун билүү, оорунун белгилери байкалбаган соо адам дагы эпидемия учурунда оорунун микробун алып жүрүүчү болуп саналаарын жана алар инфекция менен эпидемиянын башка жерлерге өтүүсү үчүн коркунуч булагы болуп саналаары айкын болгондон кийин, глобалдык белгилүү карантиндик системасы түзүлүп, тийиштүү чечим кабыл алынган. Ал чечимде эпидемия аймагындагы бардык тургундардын андан чыгуусуна жана ал жерге сырттан кирүүсүнө жол бербөө каралган.

Мужиза тарабы

Бүгүнкү күндө профилактикалык медицинанын негизи катары кабыл алынган карантиндик,изоляциялык практикалар диний тексттерде алда качан мурда ишке ашырылган жана бул ыкма эпидемиянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдө оң таасирин көрсөткөн.