Асманга көтөрүлүү
Аллах Таала айтты: «Алла кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн исламга ачып коет. Ал эми кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн көккө көтөрүлүп бараткан адамдыкындай кылып кысылтып салат. Алла ишенгиси келбегендерди дал ушинтип жазалайт.» (Анъаам:125)
Илимий акыйкат
Адам канчалык асманга бийик көтөрүлсө, атмосфералык басым ошончолук төмөндөп, кычкылтектин көлөмү азаят да, бул көкүрөктүн кысылышына жана дем алуунун кыйындашына алып келери, ошондой эле натыйжада өпкө иштебей адам өлүмгө дуушар болоору илимий жактан далилденген.
Мужиза тарабы
Аятта ким адаша турган болсо, анын көкүрөгү асманга көтөрүлгөн адамдын көкүрөгү кысылгандай кысылаарын баяндап жатат. Муну азыркы илим атмосферанын ар түрдүү катмарларынын газдык курамын изилдегенден кийин ачты. Ошондой эле адам космоско карай көтөрүлгөн сайын, жашоосу үчүн зарыл болгон кычкылтек газы азая баштайт.