Эки деңиздин ортосун бөлгөн тосмо

альбомдор

22/02/2026

Эки деңиздин ортосун бөлгөн тосмо

Аллах Таала айтты: «Эки деңизди кошуп агызды. Экөөсүнүн ортосунда тосмо бар. Бири-бирине кошулбайт.» (Рахман: 19-20)

Илимий акыйкат

Деңиз илимпоздору ар эки жолуккан деңиздин ортосунда тосмо бар экендигин айтышат. Бул тосмонун артында ар бир деңиз өзүнүн уникалдуу өзгөчөлүктөрүн жана ошол чөйрөнүн ичиндеги жандыктарга ылайыктуугун сактап кала алат. Бул тосмо аркылуу эки деңиз бири бирине акырындык менен аралашат. Бирок, аралашуу эки тарапка тең бирдей көлөмдө өтүүсү менен жана эки деңиздин өзгөчөлүктөрү сакталуу менен жүрөт.

Мужиза тарабы

Сезим жана сезимден тышкаркы ааламдарда пайда болгон Мээримдүү Зат Аллахтан болгон көрүнүштөрдүн катарында ушул аят дагы назарыбызды бири бирине жолуккан эки деңиз кереметине бурат. Ал экөөсү бири-бирине чектелүү өлчөмдө, акырындап аралашып, ортодо тосмо болгондуктан ар бир деңиздин өзгөчөлүктөрү сакталып турат.