Чоң жарылуу

альбомдор

19/02/2026

Аллах Таала айтты: «Чын эле каапырлар асмандар менен жер бирге болгондугун, а Биз аларды бөлгөнүбүздү жана бардык жандууларды суудан жараткандыгыбызды көрүшпөйбү? Эми алар ыйман келтиришпейби?» (Анбия:30)

Илимий акыйкат

Көптөгөн ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн натыйжасында астрономия окумуштууларынын басымдуу көпчүлүгү, аалам чоң жарылуудан пайда болгон деген жыйынтыкка келишкен. Бул жарылуу материя менен түтүндүн таркап, жайылышына себеп болгон.

Адегенде газ абалында болгон аалам чоң массаларга бөлүнгөн. Бул массалар жылдыз кластерлерине (галактикаларга) жана андан күн системаларына бөлүнгөн. Убакыттын өтүшү менен планеталар күндөн ажырап, айланып жана алыстап, муздап, натыйжада алардын сырткы беттери катуу болуп калган.

Мужиза тарабы

Ыйык Куран аяты асман менен жер бир болгондугун, андан соң бөлүнгөндүгүн айткан. Заманбап илим дагы ушундай тыянакка келип отурат.