Манжа изинин мужизасы
Аллах Таала айтты: «Кыямат Күнүнө ант! Өзүн-өзү жемелеген жанга ант! Инсан Биз анын сөөктөрүн чогулта албайт деп ойлойбу?! Ооба (чындыгында), Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө Кудуреттүүбүз.» (Кыямат:1-4)
Илимий акыйкат
Илимий изилдөө манжа өзүнө майда чийимдерди жана сызыктарды камтып тураарын аныктады. Ал сызыктар ар түрдүү формаларда болуп, ар бир адамдыкы өз-өзүнчө айырмаланып турат жана ал сызыктар өмүр бою өзгөрүүсүз сакталып турат.Бүгүнкү күндө манжа издери жеке адамдын өздүгүн идентификациялоодо колдонулат.
Мужиза тарабы
Өлгөндөн кийин кайра тирилүүнү четке каккан капырларга жооп катары Аллах Таала ант кылып, аларды кайра жаратып калыбына келтирерин, ал тургай аларды бири-биринен айырмалап турган бармак учтарын да калыбына келтирип коеорун баяндаган. Бул жерде денедеги башка органдары эмес, бир гана манжадан сөз кылынуусу, манжа учтарынын жаралышында жана анын аткарган кызматындагы мужиза бар экендигине ишарат кылынууда.