Деңиздин ичиндеги толкундар
Аллах Таала айтты: «Же алардын мисалы: Түбү терең деңиздеги караңгылык сыяктуу. Толкун үстүндө толкун (уюлгуп), анын үстүнөн булут каптаган, бири-биринин үстүнөн чүмкөгөн караңгылыктар . Адам колун чыгарса, аны көрө алышпайт.» (Нур:40)
Илимий акыйкат
1904-жылы океанология деңиздин тереңинде күчтүү толкундардын бар экендигин аныктады. Бул толкундар «жер бетиндеги деңиздер» жана «тереңдеги деңиздер» арасында болот. Алар үстүңкү толкундарга окшош. Бирок суунун үстүнөн байкалбайт. Деңиздин ички толкундарынын узундугу орточо он километрден жүздөгөн километрлерге жетсе, бийиктиги ондон жүз метрге чейин жетет.
Мужиза тарабы
Аяттын мужиза тарабы, деңиздин ичиндеги кубулушун «терең деңиз» деп сүрөттөп, андагы толкундарды, ал толкундар биринин үстүнөн экинчиси каптагандыгындын сүрөттөйт. Илим бул сүрөттөлүштөрдү жана фактыларды өзүнүн техникалары жана каражаттарынын прогрессинен кийин гана аныктаган