Аллах Таала айтты: «Алиф, лам, мим .Рум жеңилди . Эң төмөн жерде алар жеңилгенден кийин кайра жеңишет.» (Рум:1-3)
Илимий акыйкат
Географиялык карталар жана атластар жер бетиндеги эң төмөнкү чекит Палестинадагы Өлүк деңизинин аймагы экендигин көрсөтүп турат. Бул аймак деңиз бетинен 400 метр төмөн жайгашкан. Муну спутниктен алынган сүрөттөр жана өлчөөлөр да ырастап жатат. Тарыхый булактарда 619-жылы перстер менен римдиктердин ортосунда чоң согуш болуп өткөндүгү маалымдалат. Ал эми бул согуш тууралуу жогоруда айтылгандай Куранда да эскерилип, анда перстер римдиктердин үстүнөн чоң жеңишке жетип, ал согуш Өлүк деңизге жакын жайгашкан Азриат менен Бусранын ортосунда болуп өткөн.
Мужиза тарабы
Бул ыйык аяттар эки муъжизаны өзүнө камтыйт. Биринчиси, римдиктер персттерден жеңилгенден соң бир нече жылдын ичинде кайрадан перстерди жеңе тургандыгы тууралуу кабарлоосу. Бул окуя чынында да болуп өткөн. Экинчиси, ошол доордо эч кимге белгилүү болбогон географиялык фактыны ырастоосу. Тагыраак айтканда, аятта согуш болуп өткөн жерди « أدنى الأرض» (Аднал ард) деп сыпаттаган. Араб тилинде «Аднаа» сөзү эки мааниде келген: 1.эң жакын 2. Эң төмөн. Чынында да бул эки маани тең окуяга дал келген. Т.а. окуя болгон жер бир тараптан араб жарым аралына жакын болсо, экинчи тараптан окумуштуулар ачкандай жер бетиндеги эң төмөн аймак болуп саналат.