Эң катуу азап-күн чыккан убакта

альбомдор

08/12/2025

Аллах Таала айтты: «Ошондо, күн чыгарда аларды катуу бир үн кармады. Биз аны  астын-үстүн кылып, анын үстүнөн бышкан чопо таштарды жаадырып салдык.» (Хижр:83-84)

Илимий акыйкат

Илимий изилдөөлөр метеориттер көбүнчө эртең менен түшөөрүн көрсөттү. Таңдагы түшкөн метеориттер түнкүгө салыштырмалуу көбүрөөк байкалган. Эртең менен түшкөн метеориттердин саны 1700 гө жетсе, түн жарымында түшкөн метеориттер 100- 150 дөн ашат. Башка учурларда түшкөн метеориттер азыраак көлөмдө түшсө, таңкы убактагысы өтө жыш көлөмдө түшөөрү маалым болгон.

Мужиза тарабы

Ыйык Куран Лут пайгамбардын коому тууралуу баяндаган кабарынын жүрүшүндө бир нече орунда азаптын түшүү убактысын так белгилеген. «“Биз таң атканда күнөөкөрлөр бири да калбай кыргын боло тургандыгы жөнүндө ага аян кылганбыз”.»(Хижр:66), «Алардын убадасы таң . Таң жакын  эмеспи?” – деди.» (Худ:81) Заманбап изилдөөлөр метеориттердин түшүүсү таңкы маалда көбүрөөк жана катуу болоорун ырастады.