Булуттар астындагы деңиздердин караңгылыгы

альбомдор

04/12/2025

Аллах Таала айтты: “Же алардын  мисалы: Түбү терең деңиздеги караңгылык сыяктуу. Толкун үстүндө толкун (уюлгуп), анын үстүнөн булут каптаган, бири-биринин үстүнөн чүмкөгөн[1] караңгылыктар[2]. Адам колун чыгарса, аны көрө алышпайт.” (Нур:40)

Илимий акыйкат

Деңиз илимпоздору деңиз жана терең океандар көп учурда күндүн нурун көп жана жыш болгон булуттар каптап, тосуп тураарын аныкташкан. Үстүнкү бөлүктөгү толкундар күндүн жарыгынын бир бөлүгүн чагылдырса, экинчи бөлүгү деңиз суусуна сиңет да, бул тенденция тереңдиктин өсүшү менен акырындап төмөндөйт. Миң метрден тереңдиктен кийин караңгылык күчөп, көрүү таптакыр жоголот. Деңиз тереңинде жашаган балыктар жана башка жандыктар жол табуу үчүн ага жардам бере турган жарыкты өндүрүү үчүн химиялык энергия өндүрүшүнө таянышат.

Мужиза тарабы

Жогорудагы ыйык аяттар “Бахр лужий” (терең деңиз) болгон деңиздеги караңгылык кубулушуна ишарат кылып, анын себептери булуттар, үстүнкү жана ички толкундар экендигин белгилөөдө. Ошондой эле аяттагы “бири-биринин үстүнөн чүмкөгөн  караңгылыктар” деген сөз деңиздердеги чыныгы абалды өтө кылдат жана керемет сүрөттөгөн.

______________________________

[1] Ороп алган, каптап калган, тумчулаган...

[2] үч кабат караңгылык: 1) булуттун караңгылыгы, 2) деңиздин карңгылыгы, 3)  кабатталган толкундардын караңгылыгы