Исламда илимдин артыкчылыгы_6

Илимдин таасири ар дайым сакталып кала берет жана анын ээси тирүү кезинде да, каза болгондон кийин да ал үчүн сооп алат. Бул адамдарга жакшылык үйрөтүү, өзүнөн кийин илимди уланта турган шакирттерди калтыруу, китеп жазуу жана элди пайдалуу иштерге багыттоо аркылуу жүзөгө ашат.