Илим амалдан мурун келет жана ошол эле учурда амалга жол көрсөтөт. Ошондуктан, ал ибадаттан артык. Илим — бир жагынан ибадаттын көрсөтмөсү, экинчи жагынан анын кабыл болуу шарты. Илимсиз иш болбойт, ал эми илимден пайда тапкан адамдардын санына жараша анын ээси сооп алат.