Бардык пайгамбарлардын ишеними бир болгон. Бирок мурунку ишенимдер бурмаланып, ал ишенимдерди карманган адамдар да туура жолдон адашкан. Ислам ишеними гана туура. Анткени ал Курандан келип чыккан. Мурунку китептерден өзгөчөлөнүп, Куранды сактоону Аллах Таала өз кепилдигине алган.