Сахаба Али ибн Абу Талиб, радыяллаху анху: момундардын амири, туура жолдогу халифтердин төртүнчүсү, бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он адамдын бири, ыйман келтирип исламга келген жаштардын биринчиси. Пайгамбардын аталаш бир тууганы, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун жана анын күйөө баласы, эр жүрөк баатырлардын бири, улуу дааватчылардын, чечендердин жана казылык менен фатва боюнча чоң аалымдарынын бири.