Сахаба Абу Бакр Ас-Сыддык, радыяллаху анху: Ал Аллахтын Элчисине, саллаллаху алейхи уа салламга, ыйман келтирген биринчи адам жана туура жолдогу халифтердин биринчиси. Сыддык деп аталган. Анткени ал пайгамбарыбызга, с.а.в. асмандан келген ар бир кабарга ырастап ишенчү.