бөлүм Залзала - الزلزلة

1 إِذَا زُلْزِلَتِ الْأَرْضُ زِلْزَالَهَا

Жер силкинип титиреген кезде,

2 وَأَخْرَجَتِ الْأَرْضُ أَثْقَالَهَا

Жер өз ичине камтыган (дүнүйө-мүлк жана өлүктөрдү) сыртка чыгарып салган кезде,

3 وَقَالَ الْإِنْسَانُ مَا لَهَا

«Буга эмне болду?» – деп инсан айткан кезде,

a. Жерге.

4 يَوْمَئِذٍ تُحَدِّثُ أَخْبَارَهَا

Дал ошол Күнү Жер (өзүнүн үстүндө эмне окуйалар болгонун) кабар берип сүйлөйт.

5 بِأَنَّ رَبَّكَ أَوْحَى لَهَا

Анткени бул сенин Эгеңдин ага берген буйругу.

a. Жерге.

6 يَوْمَئِذٍ يَصْدُرُ النَّاسُ أَشْتَاتًا لِيُرَوْا أَعْمَالَهُمْ

Мына ошол Күнү адамдар өздөрүнүн амалдары көргөзүлүп, топ-топ болуп чыга келишет.

a. Жаман-жакшы

7 فَمَنْ يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُ

Демек, кимде-ким кыпындай жакшы иш кылган болсо аны көрөт,

8 وَمَنْ يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُ

Кимде-ким кыпындай жаман иш кылган болсо аны да көрөт.