бөлүм Тарик - الطارق

1 وَالسَّمَاءِ وَالطَّارِقِ

Асманга жана анда жылган таңкы жылдызга ант!

2 وَمَا أَدْرَاكَ مَا الطَّارِقُ

Бул жарык жылдызды сен кайдан билесиң?!

3 النَّجْمُ الثَّاقِبُ

Ал балбылдаган жарык жылдыз.

4 إِنْ كُلُّ نَفْسٍ لَمَّا عَلَيْهَا حَافِظٌ

Жанында (жазып туруучу) көзөмөлдөөчү болбогон бир да жан жок.

a. Периштелер.

5 فَلْيَنْظُرِ الْإِنْسَانُ مِمَّ خُلِقَ

Инсан өзүнүн эмнеден жаралганына карап көрсүнчү!

6 خُلِقَ مِنْ مَاءٍ دَافِقٍ

Ал атырылган суудан жаратылган.

7 يَخْرُجُ مِنْ بَيْنِ الصُّلْبِ وَالتَّرَائِبِ

Бел жана көкүрөк арасынан чыккан.

8 إِنَّهُ عَلَى رَجْعِهِ لَقَادِرٌ

Акыйкатта Ал аны өзүнө кайтарып тирилтүүгө кудуреттүү.

a. Инсанды.

9 يَوْمَ تُبْلَى السَّرَائِرُ

Бардык сырлар ачылып сыналган күнү.

10 فَمَا لَهُ مِنْ قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ

Анда күч-кубат да, жардамчы да болбой калганда!

a. Инсанда.

11 وَالسَّمَاءِ ذَاتِ الرَّجْعِ

Жаан төккөн асманга ант!

12 وَالْأَرْضِ ذَاتِ الصَّدْعِ

Көөп-жарылган жерге ант!

13 إِنَّهُ لَقَوْلٌ فَصْلٌ

Акыйкатта, бул ажыратуучу сөз.

14 وَمَا هُوَ بِالْهَزْلِ

Ал эч кандай азил сөз эмес!

15 إِنَّهُمْ يَكِيدُونَ كَيْدًا

Алар амалкөйлүк, куулук кылышат.

16 وَأَكِيدُ كَيْدًا

Мен да аларга амалкөйлүк көргөзөм.

17 فَمَهِّلِ الْكَافِرِينَ أَمْهِلْهُمْ رُوَيْدًا

Каапырларга бир аз мөөнөт бер.

a. Күтө тур.