1 إِذَا السَّمَاءُ انْفَطَرَتْ
Асман жарылганда,
1 إِذَا السَّمَاءُ انْفَطَرَتْ
Асман жарылганда,
2 وَإِذَا الْكَوَاكِبُ انْتَثَرَتْ
жылдыздар чачылганда,
3 وَإِذَا الْبِحَارُ فُجِّرَتْ
деңиздер кошулганда,
4 وَإِذَا الْقُبُورُ بُعْثِرَتْ
мүрзөлөр ачылганда,
5 عَلِمَتْ نَفْسٌ مَا قَدَّمَتْ وَأَخَّرَتْ
Ошондо (ар бир) жан өзүнүн мурда эмнелерди кылгандыгын, эмнелерди (кылбай) калтырганын ачык көрөт.
6 يَا أَيُّهَا الْإِنْسَانُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ الْكَرِيمِ
Эй инсан! Сени өзүңдүн Жомарт Эгеңе эмне түрткү болуп, азгырды?
7 الَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّاكَ فَعَدَلَكَ
Ал сени жаратып, анан сага келбет берип, тегиздеди эле.
8 فِي أَيِّ صُورَةٍ مَا شَاءَ رَكَّبَكَ
Ал сени өзү каалагандай келбетте курады.
9 كَلَّا بَلْ تُكَذِّبُونَ بِالدِّينِ
Жок! Балким силер Кыяматты «Жалган»- дейсиңер.
10 وَإِنَّ عَلَيْكُمْ لَحَافِظِينَ
Силердин үстүңөрдө көз салып карап туруучулар бар.
a. Периштелер
11 كِرَامًا كَاتِبِينَ
(Алар) ардактуу жазуучулар.
a. Байкоочулар (кайтаруучулар, күзөтчүлөр) — адамдардын жакшы-жаман амалдарын (иш-аракеттерин, сөздөрүн ниеттери менен кошо) жазып, аны эч бузбай сактоочу өзгөчө периштелер. .
12 يَعْلَمُونَ مَا تَفْعَلُونَ
Алар эмне кылганыңарды билип турушат.
13 إِنَّ الْأَبْرَارَ لَفِي نَعِيمٍ
Акыйкатта, такыбалар Бейиште болушат.
a. бейиш жыргалында
14 وَإِنَّ الْفُجَّارَ لَفِي جَحِيمٍ
Күнөөкөрлөр тозок отунда болушат.
15 يَصْلَوْنَهَا يَوْمَ الدِّينِ
Ал күнү алар отто күйүшөт.
16 وَمَا هُمْ عَنْهَا بِغَائِبِينَ
Андан алар кутула да алышпайт.
17 وَمَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ
Кыямат күндүн кандай экенин сага ким билдирмек эле?!
18 ثُمَّ مَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ
Жана да, (кайталайм) Кыямат Күндүн кандай экенин ким билдирмек эле?!
19 يَوْمَ لَا تَمْلِكُ نَفْسٌ لِنَفْسٍ شَيْئًا وَالْأَمْرُ يَوْمَئِذٍ لِلَّهِ
Тигил күнү бирөө бирөөнүн нерсесине ээ болбойт. Ал Күнү бардык иштер Аллага таандык.
a. колдоо көрсөтө албайт