бөлүм Мужаадала - المجادلة

1 قَدْ سَمِعَ اللَّهُ قَوْلَ الَّتِي تُجَادِلُكَ فِي زَوْجِهَا وَتَشْتَكِي إِلَى اللَّهِ وَاللَّهُ يَسْمَعُ تَحَاوُرَكُمَا إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ بَصِيرٌ

Чынында, Алла сени менен өзүнүн күйөөсү тууралуу сүйлөшүп жана Аллага арызын айтып жаткан айалдын сөзүн укту. Ошентип, Алла силердин сүйлөшүп жатканыёарды уккан эле. Албетте, Алла – Угуучу, Көрүүчү.

a. Будпарастык салт бойунча аялдарын “зихар” деп, т. а. “энемдин бир мүчөсүнө окшошсуё”, - деп талак беришкен.

2 الَّذِينَ يُظَاهِرُونَ مِنْكُمْ مِنْ نِسَائِهِمْ مَا هُنَّ أُمَّهَاتِهِمْ إِنْ أُمَّهَاتُهُمْ إِلَّا اللَّائِي وَلَدْنَهُمْ وَإِنَّهُمْ لَيَقُولُونَ مُنْكَرًا مِنَ الْقَوْلِ وَزُورًا وَإِنَّ اللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٌ

Силердин араёардагы өз айалдарын (энелерине) окшоткондордун (айалдары алардын) энелери эмес. Алардын энелери өздөрүн (эркектерди) төрөгөндөр гана. Акыйкатта алар тыйылган жана жалган сөздү айтып жатышат. Албетте, Алла – (күнөөнү) Кечүүчү, Кечирүүчү.

a. Күнөөсүн өтүп жиберүүчү.

3 وَالَّذِينَ يُظَاهِرُونَ مِنْ نِسَائِهِمْ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا قَالُوا فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَتَمَاسَّا ذَلِكُمْ تُوعَظُونَ بِهِ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

Өзүнүн айалын окшоштургандар кийин айткан сөздөрүнөн кайтышса, айткан сөздөрү үчүн адегенде бир кулду азаттыкка чыгарып, андан соё гана өз түгөйүнө кошулууга акылуу. Алла силердин эмне кылганыёардан кабардар.

a. Энесине.

4 فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَتَمَاسَّا فَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَإِطْعَامُ سِتِّينَ مِسْكِينًا ذَلِكَ لِتُؤْمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Кимде-ким (бир) кулду азат кыла албаса, анда айалы менен кошулганга чейин эки ай бойу үзгүлтүксүз орозо тутууга тийиш! Ал эми ким муну да аткара албаса, анда алтымыш жардыны тойгузсун! Бул Алла менен Анын элчисине ишенүүёөр үчүн; ушул Алланын чектери. Каапырлар үчүн зор азап бар.

5 إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ كُبِتُوا كَمَا كُبِتَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَقَدْ أَنْزَلْنَا آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ مُهِينٌ

Аллага жана Анын Элчисине каршылашкандар акыйкатта өздөрүнөн мурдагылар ойрон кылынгандай эле, алар да ойрон кылынат. Анткени, Биз ачык-айкын айаттарыбызды жөнөтүп койгонбуз, а каапырлар үчүн оорутуучу азап бар!

6 يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ اللَّهُ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُهُمْ بِمَا عَمِلُوا أَحْصَاهُ اللَّهُ وَنَسُوهُ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ

Алла алардын баарын кайрадан тирилткен күнү алардын жасаган нерселеринен өздөрүнө кабар берет, анткени Алла алардын (жасаган иштерин) эсептеп койгон, алар (өздөрү) унутуп калышкан (болсо да). Алла – бардык нерсенин үстүнөн күбө болуучу!

7 أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ مَا يَكُونُ مِنْ نَجْوَى ثَلَاثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمْ وَلَا خَمْسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمْ وَلَا أَدْنَى مِنْ ذَلِكَ وَلَا أَكْثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمْ أَيْنَ مَا كَانُوا ثُمَّ يُنَبِّئُهُمْ بِمَا عَمِلُوا يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

Ырас эле сен Алланын Асмандар менен Жердегилердин баарын билээрин билбейсиёби? /чөө шыбырашып сүйлөшүп жатса, Ал алардын төртүнчүсү; же бешөө (шыбырашып сүйлөшсө) алтынчысы ал – Алла. (Шыбырашып сүйлөшкөндөр) мындан аз болобу, же көп болобу, алар каерде болушса да, Ал (Алла) алар менен бирге. Андан кийин Ал аларга кылган нерселеринен Кыйамат күнү кабар берет. Акыйкатта, Алла – бардык нерсени Билүүчү!

8 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ نُهُوا عَنِ النَّجْوَى ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا نُهُوا عَنْهُ وَيَتَنَاجَوْنَ بِالْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَمَعْصِيَتِ الرَّسُولِ وَإِذَا جَاءُوكَ حَيَّوْكَ بِمَا لَمْ يُحَيِّكَ بِهِ اللَّهُ وَيَقُولُونَ فِي أَنْفُسِهِمْ لَوْلَا يُعَذِّبُنَا اللَّهُ بِمَا نَقُولُ حَسْبُهُمْ جَهَنَّمُ يَصْلَوْنَهَا فَبِئْسَ الْمَصِيرُ

Ырас эле сен жашыруун сүйлөшүүгө тыйуу салынгандарды билбедиёби? Бирок, алар тыйуу салынганга кайрадан барышууда жана да алар бири-бирине күнөө, душмандык жана Пайгамбарга баш ийбөө жөнүндө сөздөрдү шыбырашып сүйлөшүүдө. А алар качан сага келишсе сага Алла (өзү) дагы саламдашпаган сөз менен саламдашышат. А өздөрүнчө (ичтеринен): “Биз айткан сөздөр үчүн Алла бизди эмне үчүн азаптабайт”, – дешет. Аларга өздөрү бара турган тозок жетиштүү. Кандай жаман кайтуу.

9 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا تَنَاجَيْتُمْ فَلَا تَتَنَاجَوْا بِالْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَمَعْصِيَتِ الرَّسُولِ وَتَنَاجَوْا بِالْبِرِّ وَالتَّقْوَى وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

Эй момундар! Силер жашыруун сүйлөшүп жатканыёар да күнөө, душмандык жана Пайгамбарга баш ийбөө жөнүндө шыбырашып сүйлөшпөгүлө. А жакшылык, такыбалык жөнүндө шыбырашып сүйлөшкүлө. Силер алдына чогулуп бара турган Алладан корккула!

10 إِنَّمَا النَّجْوَى مِنَ الشَّيْطَانِ لِيَحْزُنَ الَّذِينَ آمَنُوا وَلَيْسَ بِضَارِّهِمْ شَيْئًا إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ

Жашыруун сүйлөшүү ыймандууларды гана кайгыртуу үчүн купуйа сүйлөшүүлөр шайтандан (болот). Бирок ал Алланын уруксаты болмойунча эч зыйан келтире албайт. Андыктан ыймандуулар Аллага бекем тобокел кылышсын!

a. Күнөө жана душмандык жөнүндө.

11 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قِيلَ لَكُمْ تَفَسَّحُوا فِي الْمَجَالِسِ فَافْسَحُوا يَفْسَحِ اللَّهُ لَكُمْ وَإِذَا قِيلَ انْشُزُوا فَانْشُزُوا يَرْفَعِ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَالَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ دَرَجَاتٍ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

Эй, ыймандуулар! Качан силерге: “Жыйналышта орун бергиле” – делинсе орун бергиле, Алла силерге Бейиштен (орун) берет. А качан: “Тургула!” – деп айтылса, тургула! Алла силерди араёардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт. Алла силердин эмне кылып жатканыёардан кабардар.

a. Мечитке жаёы келгендерге. b. Кары-картаё аксакалдарга, же улууларга кичүүлөрдүн орун берүүсү.

12 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نَاجَيْتُمُ الرَّسُولَ فَقَدِّمُوا بَيْنَ يَدَيْ نَجْوَاكُمْ صَدَقَةً ذَلِكَ خَيْرٌ لَكُمْ وَأَطْهَرُ فَإِنْ لَمْ تَجِدُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Эй, ыймандуулар! Силер пайгамбар менен жашыруун сүйлөшүүнү качан кааласаёар (анда) садака бергиле, бул силер үчүн жакшыраак, ары тазараак. Эгер таба албасаёар, анда Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.

a. Муктаждарга.

13 أَأَشْفَقْتُمْ أَنْ تُقَدِّمُوا بَيْنَ يَدَيْ نَجْوَاكُمْ صَدَقَاتٍ فَإِذْ لَمْ تَفْعَلُوا وَتَابَ اللَّهُ عَلَيْكُمْ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ

Силер эмне, аны менен сүйлөшүүдөн мурун садака берүүдөн корктуёарбы? Эгер силер муну кылбасаёар жана Алла силердин тообоёорду кабыл кылса (кечирсе), анда намаз окугула жана зекет бергиле, Алла менен Анын элчисине баш ийгиле. Алла силердин эмне кылып жатканыёардан кабардар.

14 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ تَوَلَّوْا قَوْمًا غَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مَا هُمْ مِنْكُمْ وَلَا مِنْهُمْ وَيَحْلِفُونَ عَلَى الْكَذِبِ وَهُمْ يَعْلَمُونَ

Сен Алланын каарына кабылгандар менен достошкондорду билбейсиёби? Негизинен алар силерден да, тигилерден да эмес. Алар билип туруп да (калп) ант ичишет.

a. Мединадагы, өздөрүн мусулманбыз деп койуп, бирок иудейлер менен жашыруун келишим кылышкан эки жүздүүлөр жөнүндө сөз болууда.

15 أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا إِنَّهُمْ سَاءَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Алла аларга катуу азапты дайардады. Акыйкатта алардын жасаган иштери кандай жаман.

16 اتَّخَذُوا أَيْمَانَهُمْ جُنَّةً فَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَلَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

Алар өздөрүнө жалган анттарын калкан кылып алышты жана анысы менен башкаларды да Алланын жолунан тосушту. Алар үчүн кордоочу азап бар.

17 لَنْ تُغْنِيَ عَنْهُمْ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Алардын байлыктары да, балдары да Алланын азабынын бир да нерсесинен куткара албайт. Алар тозоктун ээлери жана анда түбөлүккө калышат.

18 يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ اللَّهُ جَمِيعًا فَيَحْلِفُونَ لَهُ كَمَا يَحْلِفُونَ لَكُمْ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ عَلَى شَيْءٍ أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ الْكَاذِبُونَ

Алла алардын баарын кайрадан тиргизген күнү силерге ант бергендей эле Ага да ант беришет. Алар албетте бул жардам кылат деп ойлошот. Байкагыла, чынында, алар анык жалганчылар!

19 اسْتَحْوَذَ عَلَيْهِمُ الشَّيْطَانُ فَأَنْسَاهُمْ ذِكْرَ اللَّهِ أُولَئِكَ حِزْبُ الشَّيْطَانِ أَلَا إِنَّ حِزْبَ الشَّيْطَانِ هُمُ الْخَاسِرُونَ

Аларга шайтан башчы болуп алган жана Алланы эстөөнү аларга унуттурган. Алар шайтандын тобу. Билгиле, аныгында алар шайтандын тарапкерлери, алар – зыйанга учуроочулар.

20 إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُولَئِكَ فِي الْأَذَلِّينَ

Алла менен Анын элчисине каршы чыккандар – өтө кор болуучулар.