бөлүм Лукман - لقمان

1 الم

Алиф, Лам, Мим.

a. Мааниси бир Аллахга маалым.

2 تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْحَكِيمِ

Бул даанышман Китептин айаттары,

a. Куран.

3 هُدًى وَرَحْمَةً لِلْمُحْسِنِينَ

жакшылык кылгандарга – туура жол жана ырайым (катары),

4 الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ

Алар намаз окушат, зекет беришет жана акыретке ишенет.

5 أُولَئِكَ عَلَى هُدًى مِنْ رَبِّهِمْ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Мына ушулар Эгеси тарабынан туура жолдо. Дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр!

a. Алардын сыйлыгы Бейиш болот.

6 وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَشْتَرِي لَهْوَ الْحَدِيثِ لِيُضِلَّ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَيَتَّخِذَهَا هُزُوًا أُولَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

Адамдардын арасында эч илимсиз эле, Аллахтын түз жолунан чыгаруу жана мыскыл-тамаша кылуу үчүн негизсиз сөздөрдү жайгандар бар. Алар үчүн кор кылуучу азап (бар!)

a. Имиштерди

7 وَإِذَا تُتْلَى عَلَيْهِ آيَاتُنَا وَلَّى مُسْتَكْبِرًا كَأَنْ لَمْ يَسْمَعْهَا كَأَنَّ فِي أُذُنَيْهِ وَقْرًا فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

Ага Биздин айаттарыбыз окулганда, ал аны укпаган өңдүү, же кулагы оор сыйактуу кекирейе терс бурулат. Ага катуу жазаны “сүйүнчүлө”!

a. Дүлөй.

8 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ جَنَّاتُ النَّعِيمِ

Акыйкатта, ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандарга жыргалдуу Бейиш бар,

9 خَالِدِينَ فِيهَا وَعْدَ اللَّهِ حَقًّا وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Алар анда түбөлүккө калышат. Аллахтын убадасы чындык. Ал – Ызааттуу, Даанышман.

10 خَلَقَ السَّمَاوَاتِ بِغَيْرِ عَمَدٍ تَرَوْنَهَا وَأَلْقَى فِي الْأَرْضِ رَوَاسِيَ أَنْ تَمِيدَ بِكُمْ وَبَثَّ فِيهَا مِنْ كُلِّ دَابَّةٍ وَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَنْبَتْنَا فِيهَا مِنْ كُلِّ زَوْجٍ كَرِيمٍ

(Ал) асмандарды тирөөсүз жараткан жана сен аларды көрүп турасың. Силер менен бирге ал термелбесин үчүн жер үстүнө бекем тоолорду кадаган, (жерде) түрдүү жан-жаныбарларды тараткан. Биз асмандан жаан жаадырып, анын үстүндөгү өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрөбүз.

a. Асмандардын катмары жетөө экендиги азыркы илим тарабынан небак далилденген. b. Азыркы учурда илимий изилдөөлөр тоолор кагылган казык сыйактуу милдеттерди аткарып, жерди тынымсыз термелип, чайпала берүүдөн сактап тургандыгын далилдеди.

11 هَذَا خَلْقُ اللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ الَّذِينَ مِنْ دُونِهِ بَلِ الظَّالِمُونَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

Бул Аллахтын жараткандары. Силер Андан башканын жараткандарын Мага көргөзгүлөчү. Балким, заалымдар анык адашууда.

12 وَلَقَدْ آتَيْنَا لُقْمَانَ الْحِكْمَةَ أَنِ اشْكُرْ لِلَّهِ وَمَنْ يَشْكُرْ فَإِنَّمَا يَشْكُرُ لِنَفْسِهِ وَمَنْ كَفَرَ فَإِنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ حَمِيدٌ

Биз акыйкатта Лукманга акылмандыкты ыроолодук: “Аллахга шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса – ал өз жаны үчүн шүгүр кылат, а эгер шүгүр кылбаса, Аллах муктаж эмес, мактоого татыктуу.”

13 وَإِذْ قَالَ لُقْمَانُ لِابْنِهِ وَهُوَ يَعِظُهُ يَا بُنَيَّ لَا تُشْرِكْ بِاللَّهِ إِنَّ الشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ

Лукман өз уулуна насаат кылып: “Эй, уулум! Аллахга ширк кылбагын! Акыйкатта, ширк кылуу өтө чоң заалымдык”, – деди.

a. Аллахдан башкага табынуу.

14 وَوَصَّيْنَا الْإِنْسَانَ بِوَالِدَيْهِ حَمَلَتْهُ أُمُّهُ وَهْنًا عَلَى وَهْنٍ وَفِصَالُهُ فِي عَامَيْنِ أَنِ اشْكُرْ لِي وَلِوَالِدَيْكَ إِلَيَّ الْمَصِيرُ

Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп көтөрөт. Аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. Биз буйруганбыз: “Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл. Кайтуу Мага.”

15 وَإِنْ جَاهَدَاكَ عَلَى أَنْ تُشْرِكَ بِي مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ فَلَا تُطِعْهُمَا وَصَاحِبْهُمَا فِي الدُّنْيَا مَعْرُوفًا وَاتَّبِعْ سَبِيلَ مَنْ أَنَابَ إِلَيَّ ثُمَّ إِلَيَّ مَرْجِعُكُمْ فَأُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

А эгер алар сени ал тууралуу билбеген нерселерди Мага шерик кошууга үндөй башташса, анда аларга баш ийбе. Аларга мээримдүү бол жана Мага мойун сунгандардын жолу менен бол. Андан соң кайтууңар Мага. Мен силердин эмне кылгандарыңар тууралуу кабар берем.

16 يَا بُنَيَّ إِنَّهَا إِنْ تَكُ مِثْقَالَ حَبَّةٍ مِنْ خَرْدَلٍ فَتَكُنْ فِي صَخْرَةٍ أَوْ فِي السَّمَاوَاتِ أَوْ فِي الْأَرْضِ يَأْتِ بِهَا اللَّهُ إِنَّ اللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٌ

“Уулум! Эгер бул аскада, асманда, же жерде сары кычынын данындай салмактагы жамандык болсо дагы, Аллах аны келтирет. Акыйкатта, Аллах Жумшак, Кабардар.

17 يَا بُنَيَّ أَقِمِ الصَّلَاةَ وَأْمُرْ بِالْمَعْرُوفِ وَانْهَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَاصْبِرْ عَلَى مَا أَصَابَكَ إِنَّ ذَلِكَ مِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ

Уулум! Намаз оку. Жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар. Сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл, анткени бул иштердеги милдеттүүлүк.

a. Сабырдуулук кылынбаган иш шариатта жарамсыз деп табылып, ээси айыпталат. Демек ар бир пенде сабырдуу болуусу милдет.

18 وَلَا تُصَعِّرْ خَدَّكَ لِلنَّاسِ وَلَا تَمْشِ فِي الْأَرْضِ مَرَحًا إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخْتَالٍ فَخُورٍ

Адамдарга кекирейбе жана жер үстүндө текеберлене баспа. Акыйкатта, Аллах бардык мактанчаактар менен кекирейгендерди сүйбөйт.

19 وَاقْصِدْ فِي مَشْيِكَ وَاغْضُضْ مِنْ صَوْتِكَ إِنَّ أَنْكَرَ الْأَصْوَاتِ لَصَوْتُ الْحَمِيرِ

Жүрүшүңдү орточо кыл, үнүңдү басаңдат. Анткени үндөрдүн эң жаманы эшектердин үнү.”

20 أَلَمْ تَرَوْا أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَأَسْبَغَ عَلَيْكُمْ نِعَمَهُ ظَاهِرَةً وَبَاطِنَةً وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُجَادِلُ فِي اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَلَا هُدًى وَلَا كِتَابٍ مُنِيرٍ

Чын эле силер асмандар менен жердегилерди баш ийдиргендигин жана силерге жашыруун да, ачык да өз жакшылыктарын толук кылып бергенин билбедиңерби? Адамдардын арасында ал тууралуу илими жана жол көргөзгөнү, нурдуу китеби жок болуп туруп Аллах тууралуу талашкандар бар.

a. Жол көрсөтүүчү.