БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛОО БОЮНЧА КӨРСӨТМӨЛӨР
1-Ата-эне жакшы, билимдүү, адептүү, аң-сезимдүү, жемиштүү үй-бүлө курууга көңүл буруусу керек.
2-Балдарды тарбиялоо ата-эненин тең милдети. «эркек да өз үй бүлөсүнүн чабаны, аял да күйөөсүнүн үйүн жана балдарын караган чабан.» (хадис)
3-Балдардын ортосундагы адилеттүүлүк – ата-эненин милдети, бул алардын ата-энаге болгон ишенимин жана сүйүүсүн арттырып, аларды кыйынчылыктардан сактайт.
4-Балага болгон сүйүү мээримдүүлүктү пайда кылат, Демек мээримдүүлүк максат жана талап кылынган нерсе. Бала мээримдүүлүктү баш ийүү, сүйүү жана урматтоо менен кабыл алат.
5-Балдар жаман достордон алыс болушу керек, анткени алар бузукулукка алып баруучу эң жаман жана тез жол.
6-Ата-энелер балдарын бузулуп кеттүүдөн мурда көзөмөлдөп жүрүм-турумун оңдоону тездетүүсү зарыл.
7-Балдарды адептүүлүккө, жакшы кулк-мүнөзгө тарбиялоо – үй-бүлөдөгү тарбиянын түркүктөрүнүн бири.
8-Наристелик мезгил – тарбиянын эң биринчи, эң маанилүү, эң пайдалуу жана таасирдүү этабы.Ошондуктан ата-энелер ага көңүл буруп, кам көрүүсү керек..